• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Ошто калем саптын капкагын жутуп алган 1-класстын окуучусу ооруканага жетпей каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Ошто калем саптын капкагын жутуп алган 1-класстын окуучусу ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январда болжол менен саат 16:30да Ош шаарына караштуу Жапалак айыл өкмөтүнүн 2015-жылы туулган жашоочусу өзү окуган мектепте сабакта калем саптын (ручка) капкагын оозуна салып ойноп жатып, капыстан жутуп алган. Натыйжада дем алуусу кыйындап, Ош шаардык клиникалык ооруканасына жетпей каза болду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий