• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Президенттик шайлоого катышууну каалагандардын саны 21ге жетти

Саясат 0

Бишкек, 11-июль /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. 11-июлга карата БШКга президент болууну каалаган талапкерлерден 21 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Ал белгилегендей, президенттикке талапкерлигин дагы эки жаран көрсөткөн. Алардын бири ЖКнын мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров жана жеке ишкер Куттубек Бешбаков. Алар өздөрүн өзү көрсөткөн талапкер катары чыгышууда.

Эскерте кетсек, ушуну менен өзүн өзү көрсөткөн талапкерлердин саны 18ге жетти. Ал эми партиядан 3 талапкер көрсөтүлгөн.

Белгилүү болгондой, дагы эки жаран талапкер болуу пикирлерин билдиришкен. Бирок алар расмий түрдө БШКга кайрыла элек.

Пикир

Оставить комментарий