• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Түркмөнстанда нөшөрлөгөн жамгырдан жолдор бузулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 23.04.19 /Кабар/. Узакка созулган жамгырдан кийин Ашхабаддын көптөгөн көчөлөрү бузулду. Асфальттар тешилип, жараңкалар пайда болду, деп жазат centralasian.org

Суу коммуникациялык тоннелдерди бойлой агууда. Ал жерде электр, телефон, ТВ жана интернет кабелдери жайгашкан. Суудан улам электр зымдары туташып, авария болушу ыктымал.

Учурда бир нече кичи райондордо жер төлөлөр суунун алдында калды. Буга жамгыр гана эмес, жер алдындагы суулардын көтөрүлүшү дагы себеп болду.

Түркмөнстанда марттын экинчи жарымынан бери нөшөрлөгөн жамгыр токтой элек. 21-мартта “Түркмөнстан хроникасы” Мары облусундагы шаарлар сел алдында калуу коркунучунда экенин эскерткен.

Мары облусундагы суу сактагычтарда жээктерди бекемдөө, дамбаларды куруу иштери уланууда. Ал жерлерде чатырлар тигилип, аскер кызматкерлери жашап жатат. Жоокерлер каптарды кумга толтурушууда, андан кийин аларды тик учак менен суу сактагычтын жээктерине алып кетишүүдө.

Бул арада Тагтабазар районунун Сарыяз жана Имамбаба айлынын тургундары дөбөлөрдө жашап жатышат. Көптөгөн үй-бүлөлөр бозүй, чатырларды тигип алышкан.

Пикир

Оставить комментарий