• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Тажикстан мектептеринде бүгүн окуу башталат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Тажикстан бийлиги бардык орто мектептер коронавирустун жайылышына каршы дезинфекцияланганын билдирүүдө. Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги жазгы каникул аяктаганын, 1-апрелде окуу башталарын маалымдады.

Тажикстанда мектеп окуучулары жазгы каникулга 21-мартта таратылган. Он күн аралыгында мектептер эки сапар дезинфекцияланган.

Расмий маалыматтар боюнча, Тажикстандагы 3800дөн ашуун мамлекеттик жана жеке окуу жайларында 2 миллиондой бала окуйт.

Тажикстан жана Түркмөнстанда расмий түрдө коронавирус илдети каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий