• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Жалал-Абадга коронавирусту аныктоо үчүн автолаборатория алынып келинет

Аймак 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Республикада алты вирусологиялык лаборатория бар. Анын бири Ош шаарында жайгашкан. Ал эми Жалал-Абадга коронавирус илдетин аныктоо үчүн автолаборатория алынып келинет. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарында өткөн маалымат жыйында Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси Сабыржан Абдыкеримов билдирди.

“Автолаборатория бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Бүгүндөн тарта коронавируска алынган анализдер Ошко жиберилбейт. Алар жогоруда айтылган автолабораторияда текшерилет”,- деп кошумчалады ал.

“Коронавирус илдетине чалдыккан үч адамдын экөө бир үй-бүлөдөн, ал эми бирөө башка үй-бүлөдөн. Биринчи үй-бүлөдөгү эки адам ата-бала. Алардын бардыгы Сауд Арабиясына умрага барып келгендер”,- деди Абдыкеримов.

Белгилей кетсек, мурдараак Жалал-Абад облусунун Сузак районунда үч кишиден коронавирус илдети аныкталганы белгилүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий