• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Жапаров тышкы карыз үчүн Жетим-Тоо кени башка өлкөгө берилеби деген суроого жооп берди

Президент 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында тышкы карыз үчүн Жетим-Тоо темир кени башка өлкөгө берилеби деген суроого жооп берди.

Маалымат жыйында суроо берген журналист “сиз тышкы карызды кен байлыктар менен төлөсөк болот экен деп айткандан кийин, Нарындагы Жетим-Тоо кени башка өлкөгө берилет деген сөз чыкты. Сиз президент болуп калсаңыз Жетим-Тоону башка өлкөгө бересизби” деген собол узатты.

“Бул ушак сөз. Биз “Кумтөрдүн” катасын Жетим-Тоо болобу же башка кендерде кайталабашыбыз керек. Жетим-Тоодо 5 млрд тоннадан ашык запас бар. Ал жердеги чийки заттын наркы 50 млрд долларга жакын. Карыздан чийки зат түрүндө берип кутулсакпы деген сөз болгон. Ал сөздөр азыр да уланып жатат”, - деп, ал кен иштетилсе, аны Кыргызстан башка мамлекетти катыштырбай жалгыз иштетерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий