• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Акыркы 10-15 жылда Кыргызстанда мал чарбачылыгы 50%га өскөн

Коом 0

Бишкек, 23.11.18. / Кабар/. Акыркы 10-15 жылда мүйүздүү бодо мал менен кой-эчкилердин саны 50%га көбөйгөн. Ал эми айдоо аянттары, мисалы буудай айдоо азайган. Азыр өлкөбүздө мал чарбачылыгы басымдуулук кылып жатканын айтсак болот. Бул тууралуу Борбордук Азия университетинин Мамлекеттик башкаруу жана саясат институнун кызматкери Канат Тилекеев Кыргызстандагы азык-түлүк деңгээлин талкуулоо боюнча иш-чара учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө чыныгы ачкачылык маселеси жок.

“Биз дан эгиндерин өзүбүз чыгарбай Казакстандан алып келгендиктен, негизги азык-түлүктөргө - буудай, унга көз карандыбыз. Алардын катарына өсүмдүк майы, балык, тоок эти, кумшекер жана кондитердик азыктар кирет”, - деди Тилекеев.

Ал белгилегендей, ташылып келген импорттук азык-оокаттар бир аз арзандап, абал турукташты.

“Өлкөдөгү кедейликти айтсак, 2008-жылдан кийин бизде азык-түлүк баасы жогорулап, айыл жана шаардагы кедейликтин деңгээли кыскарган. Мисалы, Талас облусунда төө буурчактын өндүрүшүнүн аркасы менен кедейликтин көрсөткүчтөрү төмөндөгөн”, - деди ал.

Бирок ал түштүк аймактарда абал башкача экенин айтты.

“Өлкөнүн түштүгү – жакыр, себеби ал жакта азык-түлүк коопсуздугу эң туруксуз болуп келет. Анткени, калк жыш отурукташып, жергиликтүү тургундар аба-ырайынын шарттарына көз каранды, сууга жетүү кыйын. Айыл чарбадагы негизги багыт дыйканчылык болгондуктан ошол эле аба-ырайына байланыштуу дайыма тобокелчилик бар”, - деди К. Тилекеев.

Пикир

Оставить комментарий