• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Бишкекте жаш активисттерге баңгизаттарды алдын алуу темасында тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Бишкекте “Кыргызстанда жаш активисттери арасында баңгиликти алдын алуу чөйрөсүндө укуктук билимдерди жогорулатуу” темасында тегерек стол уюштурулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тегерек стол ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (БМЖККК) тарабынан ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин колдоосу менен өттү.

Иш-чарада Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчилиги жана өздүк курамы, ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин, саламаттык сактоо, билим берүү тармагынын, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Эл аралык марафондун дирекциясынын башкаруу төрагасы, “25 KG” клубунун ыктыячылары, ИИМдин Академиясынын курсанттары жана бир катар ЖОЖ студенттери катышты.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын начальниги Айдар Шигаев жаш муундардын мамлекеттеги улуттун салматтыгынын түптөлүшүндөгү ролун белгиледи. Ошондой эле блогерлерден, лидерлерден жана активисттерден турган жаштардын кыймылын түзүү демилгесин көтөрдү.

Пикир

Оставить комментарий