• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

COVID-19. Кыргызстанда акыркы суткада бустердик дозаны 1 миң 977 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Ага ылайык, акыркы сутка ичинде өлкөдө бустердик дозаны 1 миң 977 адам алган. Алсак, Бишкекте 142, Ош шаарында 140, Чүй облусунда 138, Ош облусунда 292, Талас облусунда 92, Нарын облусунда 58, Ысык-Көл облусунда 308, Жалал-Абад облусунда 596, Баткен облусунда 211 адам вакцина алды.

Төмөндө акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:

- биринчи дозасын 6 миң 268 адам алды, жалпы 1 млн 387 миң 574 адам;

- экинчи дозасын 743 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 130 миң 777 адам;

- бустердик дозаны 1977 адам алды, алардын жалпы саны 94 миң 864 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий