• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Филология илимдеринин доктору, профессор, көрүнүктүү окумуштуу Аскар Турсунов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор, көрүнүктүү окумуштуу, азыркы кыргыз филологиясын негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери Аскар Турсунов 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Аскар Турсунов 1928-жылы 10-январда Чүй районундагы Кегети кыштагында туулган. 1947-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун Кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн.

1947-1952-жылдары Ош мугалимдер институтунда окутуучу, факультеттин деканы, директордун сырттан окуу бөлүмү боюнча орун басары болуп иштеген. Кийин аталган мугалимдер институтунун базасында уюшулган Ош педагогикалык институтунда 1957-жылга чейин окутуучу жана кыргыз тил, адабият кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген.

1962-1977-жылдары Тил, адабият институтунун директору, 1978-1986-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку жана атайын орто билим берүү министри болуп иштеген, ошол жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 10-11-чакырылышынын депутаты болуп да шайланган. 1987-жылдан баштап Кыргыз илимдер академиясынын Тил илими институтунда бөлүм башчы болуп эмгектенген.

А.Турсуновдун илимий кызыкчылыгы, илимий багыты кыргыз тилинин морфологиясынын, синтаксисинин, пунктуациясынын маанилүү проблемаларын жана кыргыз адабий тилинин функционалдык стилдеринин жалпы маселелерин изилдөөгө арналган. Ал тарабынан 100дөн ашуун илимий эмгек, 10 монография жазылып, жарыяланган. А.Турсунов пединституттардын филология факультеттерине арналган “Кыргыз тили” деген окуу китебинин жана орто мектептердин 9-10-класстарына арналган “Кыргыз тили” окуу китебинин авторлорунун бири болуп эсептелет.

Аскар Турсуновдун жаркын элеси кыргыз интеллигенциясынын элинин эсинде белгилүү тилчи-окумуштуу, мыкты педагог жана устат катары түбөлүккө калат.

Пикир

Оставить комментарий