• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргыз-эмират кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 29.04.22./Кабар/. 2022-жылдын 28-апрелинде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) мамлекеттик тышкы иштер министри Ахмед бин Али Аль-Сайег менен видеоконференция форматында жолугушуусу болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселелерин, ошондой эле кыргыз-эмират кызматташтыгынын күн тартибинде турган актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Тараптар өз ара кызматташууну активдештирүү боюнча мындан аркы тыгыз байланыштарды өнүктүрүү үчүн болгон күч-аракетин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий