• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызпатент интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо боюнча семинар өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 11.03.22./Кабар/. Кечээ, 10-мартта Кыргызпатент Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студентери, аспиранттары жана мугалимдери үчүн “Кыргызстанда интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо” темасында семинар өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Угуучуларга Кыргызпатенттин алдыңкы эксперттери жана юристтери лекторлук кылып, интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо, укуктук коргоо жана сактоонун ыкмалары, укукту өткөрүп берүү маселелери, инновацияларды өнүктүрүү боюнча маалымат беришти.

Иш-чара Кыргызпатент жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ортосунда кызматташуу тууралуу коюлган меморандумдун алкагында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий