• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кыргызстанда мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды киргизүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Улуттук банк Aflatoun International эл аралык уюму менен бирдикте 27-августтан 29-августка чейин билим берүү стандарттарына финансылык сабаттуулук боюнча компетенцияларды киргизүү боюнча улуттук семинар өткөрдү.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, иш-чарага Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, ошондой эле балдарга жана жаштарга социалдык жана финансылык билим берүү жаатындагы демилгелерди илгерилетүүгө кызыкдар эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча "Адам жана коом" предметинин билим берүү стандартына Aflatoun International программаларынын компетенцияларын интеграциялоо боюнча келечекке каралган планды иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Белгиленгендей, иш-чара министрлер кабинетинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 119-р буйругу менен бекитилген КРнын 2022-2026-жылдарга карата финансылык жеткиликтүүлүк боюнча улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Маалымат үчүн: Aflatoun International – бул 300 мамлекетте 109дан ашуун өнөктөш уюмдар менен иштешип, балдар жана жаштар үчүн социалдык жана финансылык билим берүү программаларын ишке ашырган өнөктөштүк уюмдарынын тез өнүгүп жаткан тармагы.

Пикир

Оставить комментарий