• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кызыл-Кыя шаардык жылуулук берүүчү мекемеси оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаардык жылуулук берүүчү мекемеси оңдолду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мекеменин оңдоп-түзөө иштерине жалпысынан 80 млн сом сарпталган.

1983-жылы курулган Кызыл-Кыя шаардык жылуулук берүүчү мекемеси буга чейин электр энергиясы менен иштеп келген.

«Өкмөттүн 2016-жылдын 11-мартындагы №119 токтомуна ылайык, мекеме жылытуунун альтернадивдик жолдорун издөөгө өткөн. Натыйжада Россия мамлекетинин «Промкотлоснаб» ишканасы менен кызматташып, көмүр менен жылытуу системасына өтүү үчүн реконструкция жумуштары аткарылды», - деп айтылат маалыматта .

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Акрам Мадумаров аталган мекеменин ишмердүүлүгүнөн кабар алып, шаар калкына жылуулукту өз мөөнөтүндө жана белгиленген нормада берип жаткан мекеме кызматкерлеринин жумушун канааттандыраарлык деп баалады.

учурда ишкана Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы 32 көп кабаттуу үйгө, мекеме ишканаларга, мектеп, балдар бакчаларына, аймактык оорукана жана башка мамлекеттик мекемелерге жылуулук берүүдө. Андан тышкары, мекеме ысык суу да берет.

Пикир

Оставить комментарий