• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Нарында өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу иштери башталат

Аймак 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу иштери башталат. Бул Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагындагы Кытай Эл Республикасынан келген делегация менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгиленгендей, бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин буга чейин кол койгон макулдашуунун жыйынтыгы болуп саналат.

«Соода-логистикалык борбордун курулушу аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына байланыштуу демилгеленип жатканын өзгөчө белгилегим келет. Биз бүгүн Ат-Башы районундагы өнөр жай, соода-логистикалык борбордун курулушунун маанилүү маселелерин талкууладык. Аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну эске алуу менен, бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бардык тиешелүү ченемдик-укуктук актылар иштелип чыкты жана кабыл алынды», - деди Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров соода-логистикалык борбордун ачылышы Нарын облусунун динамикалуу өнүгүшүн шарттайт жана 13 миң жумуш орду түзүлөөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, өнөр жай соода-логистикалык борбордун жалпы сметалык баасы 280 млн АКШ долларды түзөт. Аталган борборду куруу менен аймакка инвестиция тартылат, өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жана экспорттун көлөмү көбөйөт, социалдык жана инфраструктуралык мааселелер чечилет.

Маалымдама: Курулуштун башталышы менен республикалык бюджетке 43 миллион сом, жергиликтүү бюджетке 1 млн. 782 миң сом түшөт. Эгер соода логистикалык борбору ишке берилсе, Нарын облусу 7-8 жыл ичинде дотациядан чыгат.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Шумкарбек Адылбек уулу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов катышты.

Пикир

Оставить комментарий