• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ош шаарында жазгы жеңил атлетика боюнча жарышка 2 миңден ашык адам катышты

Аймак 0

Бишкек, 29.05.22. /Кабар/. Кечээ, 28-майда Ош шаарында жазгы жеңил атлетика боюнча жарыш болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, активдүү жаштар, спортчулар, ЖОЖдордун жана колледждердин студенттери, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.

Жарыш бардык каалоочулар арасында 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкта өткөрүлдү. Жарыштын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, тиешелүү даражадагы медалдары, баалуу сыйлыктары жана кызыктыруучу белектери менен сыйланышты.

Жарыштын максаты– чуркоолорду кеңири жайылтуу, калк арасында сергек жашоо образын калыптандыруу жана жарандарды спортко тартуу.

Пикир

Оставить комментарий