• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ош шаарынын алыскы кичи райондорунун биринде 275 орундуу мектептин курулушу аяктап жатат

Аймак 0

Бишкек, 16.04.22./Кабар/. Ош шаарындагы “Курманжан-Датка” МАБынын 222-223-кварталындагы 275 орундуу мектептин курулушу акыркы баскычка чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, учурда мектептин таяныч дубалдарын орнотуу, сырткы жасалгалоо, айланасын жашылдандыруу иштери жүрүп жатат.

Бул объектидеги курулуш иштери 85%га бүттү. Ал эми курулушту быйылкы жылдын биринчи жарымына толук бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий