• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ошто мыйзамсыз тосмолорду алуу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 20.04.22./Кабар/. Ош шаарында мыйзамсыз объекттерди алуу иштери уланууда, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун “Курманжан-Датка” МАБынын Юго-Восток кичи районундагы жеке менчик медициналык клиникалардын биринин жанындагы мыйзамсыз тосмону бузуу иштери жүргүзүлдү.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын тиешелүү кызматкерлери тарабынан алдын-ала билдирүүлөр тапшырылган. Муниципалдык аймактык башкармалыктын адистери болсо административдик айып салуу боюнча акт түздү.

Пикир

Оставить комментарий