• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Парламенттик делегация КМШ ПААнын жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова баштаган делегация Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 48-пленардык жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына барды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Пленардык жыйындын алкагында эл өкүлдөрү атайын комиссияларда иш алып барып, коргонуу жана коопсуздук жаатындагы коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдык базаларды чыңдоо, саясий жана эл аралык байланыштарды бекемдөө тууралуу талкуулашат. Ошондой эле, делегация өкүлдөрү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган экспозициянын ачылыш аземине катышат.

Эске сала кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Алимбеков, Айнуру Алтыбаева, Талант Мамытов жана Максат Сабировдор бар.

Пикир

Оставить комментарий