• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Президент: Санариптештирүү — бул жөн эле кыял эмес, ал замандын курч талабы

Президент 0

Бишкек, 04.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Сот процессинин ачык-айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн санариптик сот өндүрүшүн түзүү боюнча иштерди улантууну ыкчамдатуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта, Бишкекте Кыргызстандын судьяларынын XII курултайында президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, санариптештирүү – бул бирөөнүн жөн эле кыялы эмес, ал замандын курч талабы.

“Ошону менен бирге соттордун иш менен жүктөлүшүнө терең талдоо жүргүзүлүп, штаттык бирдиктерди карап чыгуу зарыл. Мында сотто каралган иштердин саны тууралуу статистикалык көрсөтүчтөргө эмес, сотко келип түшкөн ар бир ишке, доо арызга, ошондой эле каралган иштердин категориясына жана көлөмүнө көңүл буруу зарыл. Укуктук, унитардык мамлекетибизде мыйзамдуулуктун жалпы республика боюнча бирдей режими, бирдиктүү жана туруктуу соттук практикасы өкүм сүрүшү абзел”, - дейт президент.

Пикир

Оставить комментарий