• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Соцфонд Түркия менен пенсия боюнча келишимдин аткарылышы тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Эки тараптуу келишим күчүнө киргенден бери түрк тарап Түркияда жашаган кыргызстандыктардын иш стажы тууралуу Кыргызстанга 162 суроо-талап жөнөткөн. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Ведомтсводон белгилешкендей, учурда 158 суроо-талап иштелип чыгып, аларга тиешелүү жооптор берилди.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргызстан жана Түркия өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Ал эки республиканын жарандарына Кыргызстанда да, Түркияда да бирдей шартта пенсия жана жөлөкпул алууга укук берет. Келишим мыйзамдуу негизде иштеген камсыздандырылган адамдарга гана тиешелүү.

Пикир

Оставить комментарий