• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Сыдыков КР Аралды сактоо фондунун ишмердигине катышууну токтотуп койгонунун себебин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 23-24-августунда Түркмөнстан Президентинин чакыруусу боюнча Түркмөнстанга мамлекеттик визит менен барат, ошондой эле Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бүгүн, 22-августта брифингде билдирди.

Визиттин жүрүшүндө Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен тар жана кеңири курамда расмий жолугушууларды өткөрүү мерчемделүүдө.

Жолугушууларда Кыргызстан менен Түркмөнстан ортосундагы кызматташтыктын орчундуу маселелери, ошондой эле бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенишүүнү мындан ары күчөтүүнүн келечеги талкууланат. «Биз өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты күчөтүүгө жогору маани беребиз. Түркмөнстан менен ар тараптуу мамилелерди бекемдөө жана мындан ары карай күчөтүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы башкы жана узак мөөнөттүү артыкчылыктардын бири болуп саналат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин Апп аратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.

Визиттин алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлат, атап айтканда, Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларация башкы саясий документ болуп калат. Бул документке кол коюу, Данияр Сыдыковдун айтымында, эки тараптуу мамилелердеги тарыхый окуя болуп калат жана Кыргызстан менен Түркмөнстан достугунун жана кызматташтыгынын тарыхындагы жаңы баракты ачат.

Данияр Сыдыков ошондой эле 24-августта Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында Аралды сактоо эл аралык фондунун уюштуруучулары болгон мамлекеттердин башчыларынын Саммитине ардактуу конок катары катышат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Кыргызстан Аралды сактоо эл аралык фондунун ишмердигине катышууну токтотуп койгонун жана бул аны терең реформалоого байланыштуу экенин түшүндүрдү. Ал 2009-жылы Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары Фонддун тутумун жана келишимдик-укуктук базасын өркүндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышканын эске салды. Тилекке каршы, Кыргызстан бул маселеде көзгө көрүнөрлүк прогрессти байкаган жок.

Данияр Сыдыков белгилегендей, Саммиттин жүрүшүндө Мамлекет башчысы Аралды сактоо эл аралык фондунун жана анын органдарынын ишмердигине байланыштуу өлкөнүн көз карашын так билдирет. «Кыргызстан максаты Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин кызыкчылыктарын жана көйгөйлүү керектөөлөрүн бирдей деңгээлде эске алууну камсыз кылуу болуп саналган Фондду комплекстүү реформалоону жактайт. Фонд ал адегенде түзүлгөндөй жана иштегендей, сууну пайдалануу чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансы каражаттарын жана инвестицияларды чогултуп, иштетүү боюнча Фонд болушу керек. Долбоорлор аймактагы бардык мамлекеттердин социалдык-экономикалык жана туруктуу өнүгүүсүнө багытталууга тийиш», — деп белгилеп, ал Фондду тийешелүү реформалагандан кийин Кыргызстан анын ишмердигине толук форматта катышуусун жандандырууга даяр экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий