• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Тажикстандын Исфара районунда Баткен жана Согди облустарынын милиция башчылары жолукту

Аймак 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-майда Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылында Баткен облустук милициясынын башчысы Мурат Боронов, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев Согди ОИИБнын начальниги Абдулло Навджувонов менен жолугушуп, чек арага чектеш аймактардагы болуп жаткан абалды турукташтыруу максатында сүйлөштү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар чек арага чектеш аймактардагы жарандардын коопсуздугун сактап, коомдук тартипти жөнгө салып, укук бузуулардын алдын алуу боюнча маселелерди талкуулады.

"Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тажиктер тарабынан жабылган Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Жака-Өрүк участкасы аркылуу өтүүчү Ош-Исфана автожолу ачылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий