• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

ТИМ: Нью-Йорктогу терактта каза болгон жана жабыркагандардын арасында КР жарандары жок

Коом 0

Бишкек, 01.11.17./Кабар/. Нью-Йорк шаарында болгон теракттан каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

“Нью-Йоркто 31-октябрда болгон терактка байланыштуу АКШгы КРнын элчилигинен болжолдуу маалымат келип, анда каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок экендиги маалымдалган”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, АКШнын Нью-Йорк шаарынын Төмөнкү Манхэттен аймагында жүк ташуучу автоунаа велосипед тебүүчүлөрдүн атайын жолуна качырып кирип барып, бир нече кишини тебелеп кеткен. Бул кол салуунун айынын алты киши дароо набыт болуп, эки киши кийинчерээк ооруканада көз жумду жана кеминде 11дей киши жаракат алды.

Кол салууга шектүү жаран 29 жаштагы Сайфулло Саипов экени аныкталды. Ал бир нече жыл мурун Өзбекстандан АКШга келгени кабарланууда. Буга чейин Флорида жана Нью-Жерси штаттарында жашаган.

Учурда иликтөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий