• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Тышкы иштер министри "Борбордук Азия + Япония" диалогунун отурумуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 24.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрда КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Токио шаарында "Борбордук Азия + Япония" диалогунун 9-отурумуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, диалогдун бул жолку отурму Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгына арналды.

Министр Кулубаев 30-жыл ичинде өз ара аракеттешүүдө жетишилген кыргыз-япон мамилелеринин деңгээлин жогору баалады. Кыргызстан Япония менен жалпы демократиялык баалуулуктар жана өз ара ишенимдин негизинде бекем достук жана эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык мамилелер түзүлгөндүгүнөн негизги тышкы саясий өнөктөштөрүнүн бири деп эсептелет экенин баса белгиледи.

Ошондой эле Кулубаев Кыргызстан Япониянын шексиз саясий колдоосун жана финансылык-экономикалык жардамын, анын ичинде "Бир айыл – Бир продукт" долбоорун жана адамдык өлчөмдөгү программалар, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин эксперттик потенциалын жогорулатуу боюнча долбоорлор ишке ашырууну жогору баалаарын билдирди.

Ошону менен бирге ал геосаясий туруксуздук, глобалдык коопсуздук кризистери жана өлкөлөрдүн аскердик-саясий блокторго бөлүнүшү шартында, эл аралык туруктуулукту жана ишенимди калыбына келтирүүгө жол БУУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы тең укуктуу диалог, өз ара каттоо жана алардын ар биринин мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоо байланыштуу экенин баса белгиледи.

"Ошондуктан япон тараптын диалог түзүү тууралуу сунушу өз убагында жана стратегиялык жактан текшерилген сунуш болду. Кыргызстан диалогдун практикалык потенциалын ачууга, диалогду мындан ары өнүгүүсүн жана бардык багыттар катышуучу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына жооп берген долбоорлорго жана иш-чараларга катышууга кызыкдар", - деди Кулубаев.

Тышкы иштер министри Ёсимаса Хаяси өз сөзүндө Япония Борбор Азия региону менен кызматташууга өзгөчө маани берерин жана өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарындагы долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүнү уланта берерин белгиледи. Борбордук Азия өлкөлөрү менен Япониянын дипломатиялык мамилелери орногондон берки 30 жылдын ичинде толук кандуу туруктуу саясий диалог курууга, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттешүүнү активдештирүүгө жетишилгенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий