• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Өзгөн районунда Койчу датка Жаман бий уулунун айкели орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Өзгөн районунда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Койчу датка Жаман бий уулунун айкели орнотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага депутаттар Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев, Медербек Саккараев, Мурадил Сыдыков, Бактыбек Чойбеков, Бахридин Шабазов жана Чынберди Төлөновдор катышты.

Бишкек-Ош унаа жолунун Өзгөн районундагы бөлүгүндө жол жээгинде орнотулган айкелдин ачылуу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана республиканын ар кыл облустарынан келген коноктор келишкен.

Иш-чарада тарыхчылар Койчу датка тууралуу чогулгандарга кеңири маалымат берип, архивдерден табылган тарыхый маалыматтар менен бөлүштү.

Маалыматтарга ылайык, эл алдында көрүнүктүү кызмат өтөгөн, эл эсинде сакталып келген белгилүү инсандардын бири - парваначы Койчу датка Жаман бий уулу (1812-1868) тарых барактарында өз орду бар мамлекеттик саясий ишмер болгон. Кокон хандыгынын саясий тарыхында таасирдүү роль ойногон Койчу датка Шааркан, Ташкент шаарларынын бектин кызматын да аркалаган.

Пикир

Оставить комментарий