• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында 11 кызматтык үй курулду

Аймак 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 11 кызматтык үй курулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган турак жайлардын курулушу КР президентинин Иш башкармасы тарабынан жүргүзүлүп, азыркы учурда ички жана тышкы инженердик-коммуникациялык жумуштары калды.

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 50дөн ашуун бир кабаттуу кызматтык үйлөрдүн курулуш жумуштары аяктоо алдында турат. Бул демилге мамлекет тарабынан кызматкерлердин жер которуп, тажрыйба алмашып иштөөсүнө кам көрүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий