• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Жээнбеков бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-январда Украинанын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Валерий Жовтенко, Индия Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алока Амитабх Димри, Куба Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эмилио Певида Пупо, Словакиянын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Милан Коллар жана Ливан Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жискар Эль-Хуринин ишеним грамоталарын кабыл алды.

Мамлекет башчысы Элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, алардын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошууга ишенимин билдирди.

Ар бир Элчи менен сүйлөшүүдө Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу өз ара кызматташуунун кеңири тармагы, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкта Кыргызстан айыл чарба, транспорттук жана авиа байланыштар, туризм, жеңил өнөр жай, билим берүү, медицина, илим жана техника, өлкөнү санариптештирүү тармактарында мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан тышкары мамлекет башчысы ЕАЭБ жана Кыргызстандын ВСП+ макамынын алкагында кызматташтыкты тереңдетүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу эске салды.

«Аталган тармактарда кызматташуу биздин эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкка жана достук мамилелерге жаңы дем берет деп ишенебиз», — деп баса белгиледи Президент жана Элчилердин биздин өлкөлөрдү өнүктүрүүгө арналган дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Индиянын Элчиси Алока Амитабх Димри менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин алдыда Кыргызстанга боло турган иш сапарына байланыштуу маселелер кеңири талкууланды.

Украина, Индия, Куба, Словакия жана Ливандын Элчилери президент Сооронбай Жээнбековду кызматташуунун бардык тармактары боюнча эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, өлкөлөрдү жакындатууга бардык күч-аракетин жумшай тургандыктарына ишендиришти.

Пикир

Оставить комментарий