• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Жээнбеков: Узак макулдашуу процедуралары — ишкерлерди жана инвесторлорду кошумча чыгашаларга кириптер кылууда

Президент 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Узак жана татаал макулдашуу процедуралары — ишкерлерди жана инвесторлорду кошумча чыгашаларга кириптер кылууда. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы инвестициялык долбоорду ишке киргизүүгө талап кылынган мөөнөт орточо 3-4 жылды түзүүдө деп мисал келтирди.

Ошондой эле салык отчеттуулугу татаалдашканына жана соттогу узакка созулган салык чырларына байланыштуу Кыргызстан 2017-жылы Дуинг бизнес рейтингинде 138-орунда болгондугун эске салды.

«Акыркы эки жылдын ичинде санарип технологияларды киргизүүнүн натыйжасында көрсөткүч жакшырды — бул рейтингде 117-орунга көтөрүлдүк. Бирок 117-орун — мактанаарлык позиция эмес экендигин баарыңар билесиңер», — деп белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий