• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Айеркен Саймаитиде КР паспорту болгон

Коом 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Стамбул шаарында киши колдуу болгон Кытай жараны, ишкер Айеркен Саймаитиде мыйзамсыз берилген КР паспорту болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 23-майында Кытай Эл Республикасынын 1988-жылы туулган жараны КР ички иштер органдарына башка Кытай жараны Айеркен Саймаитиге карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү жөнүндө арыз менен кайрылган. Ал арызында, Айеркен Саймаити 2016-жылдын 14-августунан 2017-жылдын 28-февралына чейинки убакытта ишениминен кыянаттык менен пайдаланып алдоо жолу менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы базардан 3 млн 28 миң 168 доллар турган товарларды жана акча каражаттарын ээлеп алгандыгын билдирген. Ошентип Саймаити, А.А. аттуу жаранга өзгөчө ири өлчөмдө материалдык чыгым келтирип, изин жашырып кеткен.

Ал факты боюнча КР Кылмыш кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пунктунда ("Алдамчылык") көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

"2017-жылдын майында Тергөө бөлүмү тарабынан Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саймаитини айыпталуучу катары жоопко тартуу боюнча токтом чыгарылып, камакка алуу үчүн ага издөө жарыяланып, андан соң ал эл аралык издөөгө алынган. Жүргүзүлгөн иш-чараларда, издөөдө жүргөн Кытай жараны Айеркен Саймаити Кыргыз Республикасынын жараны 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимовичтин атына мыйзамсыз берилген (ID-карт, чет элдик паспорт) паспортторду колдонуп жүргөндүгү такталган. Самятов Э.С. атына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча 2019-жылдын июль айында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Жазык кодексинин 330-беренеси ("Паспортту мыйзамсыз берүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, ал факт боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.А. карата КР Жазык кодексинин 330-берене ("Паспортту мыйзамсыз берүү") менен 320-берене ("Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 359-берененин ("Документтерди жасалмалоо") негизинде айып тагылган. Кылмыш иши Жалал-Абад облусунун сот органдарына кароого жөнөтүлгөн.

Андан тышкары, Кытай жараны Айеркен Саймаитиге карата КР Жазык кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүмү ("Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз даярдоо, сатуу жана колдонуу") боюнча материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 10-ноябрь күнү Стамбулда бизнесмен Айеркен Саймаити киши колдуу болгон. Ал ишкердин аты "Азаттык" радиосунун журналисттеринин иликтөөсүндө айтылып, ири акча каражатын сыртка чыгарууда Саймаитинин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен байланышы бар болушу мүмкүн экендиги сөз болот.

Саймаитини атып кеткен жердин жанында Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугуна таандык дипломатиялык номерлери бар унаа табылган.

Ал окуяга байланыштуу 12-ноябрь күнү КРнын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков кызматынан алынган.

Белгилей кетсек, Айеркен Саймаитини өлтүргөн деген шек менен үч жаран кармалып, алардын экөөсү Кыргызстандын жарандары экени айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий