• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Алтынай Өмүрбекова жана министр Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

"Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынан Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматынан Чолпонбаев Космосбек Сариевич бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий