• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкектеги жол кырсыгынан 3 адам жабыркады – видео

Кырсык 0


Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Бишкектин Токомбаев көчөсүндө (Түштүк магистраль) 18-мартта саат 23:00дө жол кырсыгы катталганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Мерседес" унаасы Токомбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде "Субару Легаси" унаасы менен кагышып, жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынан "Субару Легаси" унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жабыркаган. Ошондой эле 19 жаштагы кыз (жөө жүргүнчү) жараат алган.

Унаалар айып аянтчасына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Окуянын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий