• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Боронов: Жазгы талаа иштеринде дыйкандарды үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу каражаттар менен камсыздоодо көйгөйлөр болбойт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Жазгы талаа иштеринде дыйкандарды үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу каражаттар менен камсыздоодо көйгөйлөр болбойт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештеги жыйында депутат Жыргалбек Турускуловдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, ошондой эле депутат Жыргалбек Турускулов кышында кар аз жааганын белгилеп, суу тартыштыгы болбойбу деген да суроо узатты. Ал эми өкмөттүн алдындагы Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдибай Жайлообаев: “Алдын ала жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянганыбызда, быйыл көпчүлүк суу бассейндеринин көлөмү 10-12%га чейин төмөн болору болжолдонууда. Бирок так маалымат апрель айында чыгарылат”, – деп жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий