• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Чүй облусунда жаңы окуу жылына карата 7 мектеп пайдаланууга берилет

Коом 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Чүй облусунда жаңы окуу жылына карата 7 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунда төрт, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондорунда бирден билим берүү мекемеси ачылат. Алсак:

- Ысык-Ата районунун Логвиненский айылында 250 орундуу мектеп;
- Ново-Покровка айылында 225 орундуу мектеп;
- Ивановка айылында 150 орундуу мектеп;
- Тогуз-Булак айылда 150 орундуу мектеп;
- Аламүдүн районундагы Пригородное айылында 500 орундуу мектеп;
- Сокулук районуна караштуу Мирный айылында 275 орундуу мектеп;
- Жайыл районунун Сосновка айылында 225 орундуу мектеп.

Пикир

Оставить комментарий