• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Финансы министрлиги: Күйүүчү май маселесин чечүү үчүн бюджеттен 2 млрд сом бөлүү пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселесин чечүү үчүн республикалык бюджеттен 2 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам аракеттенүү боюнча министрлер кабинетинин жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, каражат нефтетрейдерлерге күйүүчү май сатып алууга багытталат.

«Бүгүнкү күндө республиканы күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу коркунучу бар. Финансы министрлиги анын алдын алуу үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүүдө»,- деди Бакетаев.

Пикир

Оставить комментарий