• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Исмаилова россиялык медиктерге көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди

Өкмөт 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз Республикасына коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн келген россиялык врачтардын миссиясы жыйынтыктады.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова россиялык врачтарга COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө көрсөткөн практикалык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Убакыттан пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өлкө тургундарынын атынан россиялык дарыгерлерге COVID-19 дартына каршы күрөшүүгө өз учурунда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирем. Өлкөгө келген алгачкы күндөн тарта россиялык медиктер эң татаал жана жооптуу тилкелерде иш алып барышты. Алар тарабынан көлөмдүү иш аткарылды. Врач-эпидемиологдор, инфекционисттер жана башка багыттагы адистер кыргыз кесиптештери менен биргеликте коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө практикалык көмөк көрсөтүштү. Сиздердин жардамыңыздардын натыйжасында инфекциянын толкунун жайгарууга мүмкүндүк болду», - деп белгиледи вице-премьер-министр.

Өз кезегинде россиялык дарыгерлер тобунун жетекчиси, Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов өз пикирин ортого салып, жергиликтүү кесиптештеринин жогорку кесипкөйлүгүн белгиледи.

«Бир тууган республикага коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүү боюнча маанилүү миссияны Россия бизге ыйгарганына сыймыктанабыз. Биз алдыга коюлган милдетти татыктуу аткардык деп ишенем. Учурда абал турукташты, оорудан каза болгондордун жана ооруга кабылгандардын саны азайгандыгы байкалууда», - деп кошумчалады ал.

Белгилесек, россиялык адистер Кыргыз Республикасына 2020-жылдын июль айынын соңунда келген жана өздөрү менен бирге тийиштүү жабдууларды жана медикаменттерди ала келишкен.

Россиялык врачтар Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Россия Федерациясынын Президентинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында иш алып барышкан.

Пикир

Оставить комментарий