• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Кыргызстанда автомектептерге 1,1 млн сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Кырпгызстанда автомектептерге 1,1 млн сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын транспорттук ишмердүүлүктү жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн инспектору Мирсадык уулу Темирлан билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча жалпы 270 автомектеп бар, анын ичинен 193ү текшерилди.

“Биз 198 көрсөтмө берип, 44 мектепке 1 млн 185 миң сом айып пул салдык”, - деди инспектор.

Ал автомектептер тиешелүү лицензиясынын жоктугунан жабылганын белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкөнүн аймагында талапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылган.

Пикир

Оставить комментарий