• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан былтыр 2 740 кылмыш жана жоруктун бети ачылды

Коом 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 12 айында 2 миң 740 кылмыш жана жоруктун бетин ачылган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- адам өлтүрүү - 4;
- каракчылык - 11;
- тоноо - 58;
- уурдоо - 164;
- зордуктоо - 49;
- бейбаштык - 1 139;
- ден соолукка залакат келтирүү - 49;
- ок атуучу курал - 9;
- баңгизат - 4;
- алдамчылык - 67;
- үй-бүлөлүк зомбулук - 887.

Мындан сырткары, 2020-жылдын 12 айы ичинде “102” линиясы боюнча 62 миң 83 жолу жарандардын ар кандай багытта чыкыруулар ыкчам жана сапаттуу тейленип, анын ичинен 37 миң 821 такталып, 24 миң 262 чакыруу такталган жок.

Пикир

Оставить комментарий