• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ош шаарындагы Т. Турсунбаева көчөсүн кеңейтүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.10.23./Кабар/. Унаа тыгынын жоюу жана болтурбоо максатында Ош шаарындагы Т. Турсунбаева көчөсүн кеңейтүү боюнча даярдык иштери жүрүүдө.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, жол тилкесине чыгып кеткен курулуштар алынып салууда.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жолду кеңейтүү иштерин көрүп чыкты.

Унаа тыгындарын болтурбоо үчүн шаардын ички жолдорун кеңейтүү, каттмага мүмкүн болгон жолдорду ачуу керектигин билдирип, тиешелүү кызматтарга белгиленген тартипте жумуштарды өз мөөнөтүндө аткаруу тапшырмасын берди.

Анын ичинде:

- Увам каналы аркылуу жөө адамдар өтүүчү өтмөктү куруу;

- Жер үстүндөгү инженердик түйүндөрдү жер астына өткөрүү боюнча сунуштарды даярдоо;

- Тротуарга орнотулган тепкичтердин жана башка коммерциялык мекемелердин мыйзамдуулугун текшерүү;

- Эски бак-дарактарды кыюу, алардын ордуна үч эсеге көп бак-дарактарды отургузуу;

- Долбоорго кирген трансформаторлорду жана электр мамычаларды башка жерге жылдыруу;

- Т.Турсунбаева менен И.Раззаков көчөлөрүнүн боюндагы жөө адамдар өткөөчү жол белгилерин жаңылоо.

Белгиленген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө мыйзам чегинде бүткөрүү талабы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий