• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ошто Алай көчөсүндөгү жол жана ага чектеш көчө оңдолууда

Аймак 0

Бишкек, 11.07.23./Кабар/. Ошто Алай көчөсүндөгү жолду жана ага чектеш көчөнү оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө.

Мында, жолду оңдоп-түзөөдөн тышкары, тиешелүү кызматтар тарабынан таштандыларды ылгоолочу контейнерлерди орнотуу, көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын сырдоо, инженердик тармактарды өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган тилкедеги жолдун жалпы узундугу 700 метрди түзөт.

Оштун мэри Бакытбек Жетигенов Алай көчөсүндөгү жолду асфальттоо боюнча жүрүп жаткан жумуштар менен жеринен таанышып чыгып, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий