• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Оштогу футболдук клубдардын оюнчулары 8-июндан тарта машыгууларын баштады

Спорт 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Чектөө чаралардын этап-этабы менен алынышы (карантин) жана дене тарбия жана спорт объектилеринин ишин калыбына келтирүү максатында 2020-жылдын 8-июнунан тартып Кыргызстандын футболдук клубдары үчүн окуу-машыгууларын өткөрүүгө уруксат берилген.

Төмөнкү мелдештерге жана турнирлерге даярданууга:

Кыргыз Премьер-лига (футбол);

Улуттук лига (футбол);

Экинчи лига (футбол);

Фан-лига (футбол);

Кыргызстандын Суперкубогу (футбол);

Кыргызстандын кубогу (футбол);

Ардагерлер лигасы (футбол);

Кыргызстандын Супер лигасы (футзал);

Кыргызстандын кубогу (футзал);

Азия футбол конфедерациясынын кубогу - 2020 (футзал);

Кыргызстандын Суперкубогу (футзал);

Евразиялык лиганын 3-туру (кум үстүндөгү футбол).

Кыргыз футбол бирикмесине бир катар сунуштамалар берилген. Алар машыгуунун алдында бардык футболчуларды медициналык көзөмөлдөн өткөрүү, машыгуу өтө турган жерде санитардык-гигиеналык талаптар сакталышы керек.

Пикир

Оставить комментарий