• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Улуттук кадрлар резервинде бүгүнкү күндө 231 резервист бар — Кадр кызматы

Коом 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-июнуна карата Улуттук кадрлар резервинин катарын 231 резервист толуктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, алардын арасынан 121 резервист жогорку кызмат ордуна, 110 резервист башкы кызмат ордуна талапкер. Улуттук кадрлар резервине кирүү үчүн конкурска катышууга документтерди кабыл алуу уланууда.

Өткөн аптанын жумасында Мамлекеттик кадр кызматында Улуттук кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурстук комиссиясынын конкурсанттар менен болгон кезектеги аңгемелешүүсү болуп өттү. Аңгемелешүүгө 30 талапкер чакырылса, алардын 27сү келип, 3 талапкер келген эмес.

Улуттук резерв - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.

Мыйзамга ылайык, жогорку жана башкы кызмат орундарына кадрларды алууда, дайындоо Улуттук жана ички кадрлар резервдеринин катарынан жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий