• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

2015-жылдан тарта Түркмөнстанда коммуналдык төлөмдөр 60 эсе кымбаттаган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.01.19 /Кабар/. Жаңы жалдан тарта Түркмөнстанда коммуналдык кызматтардын баасы эки эсеге жогорулады. 2018 - жылы турак жайдын ар бир чарчы метрин тейлөө — 7 манат 40 тенге ($2) турган, 1-январдан тарта түркмөнстандыктар 16 манат 90 тенге ($4,7) төлөй башташат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, акыркы эки күндөн бери коммуналдык тейлөө кызматкерлери бир жылдык төлөм үчүн дүмүрчөктөрдү таратып жүрүшөт.

Бул дүмүрчөктөр коммуналдык кызматкерлер тарабынан толтурулган. 2018 - жылы 54 чарчы метр аянттагы батирди тейлөөнүн акысы 400 манат турган. Быйыл баа 893 манатка жогорулады. Буга турак жайды тейлөө, жылуулук жана таштанды чыгаруу кызматтары кирет

2015 - жылы 54 чарчы метр аянттагы батирди тейлөө акысы 15 манат ($4) турса, 2016 - жылы 145 манат ($40), 2017-2018 - жылдары 400 манатка ($111) кымбаттаган.

Түркмөнстанда коммуналдык төлөмдөрдүн жогорулашы азык-түлүк каатчылыгы өкүм сүргөн маалга туш келди. Буга чейин түркмөн бийлиги газ, электр кубаты жана суу үчүн жеңилдиктерди жойгон.

Түркмөнстанда орточо айлык акы 800 манатты ($222) түзөт.

Пикир

Оставить комментарий