• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү департаментине эки унаанын ачкычы тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 24.10.23./Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүу департаментине жана Ош облустук башкармалыгына эки унаанын ачкычын тапшырды.

Министрликтен билдиришкендей, аталган унаалар климатка туруктуу кызматтарды көрсөтүү, суу ресурстарын башкаруу жана дамбаны куруу жаатында "Институционалдык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында сатылып алынган.

Ачкычтарды тапшырып жатып министр унааларды өз максатына ылайык колдонуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле унаа Жалал-Абад жана Баткен облустарын тейлеши керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий