• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Бишкекте прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Бишкекте прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев катышты, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Калаа башчысы салтанаттын башында куттуктоо сөзүн сүйлөп, Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасында прокуратуранын маанилүүлүгүн белгиледи.

Прокуратура кызматкерлери бүтүндөй мамлекеттик механизмдин туруктуу иштешин камсыздап, коомдогу кылмыштуулук жана башка мыйзамсыз көрүнүштөр менен күрөшүүдө алдыңкы катарда турушат, - деп кошумчалады мэр.

Айбек Жунушалиев прокуратура кызматкерлерине кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, аларга бакубатчылык жана чын ден соолук каалады.

Прокуратура органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн сыйланышты.

Мелсбек кызы Асылай – Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты менен сыйланды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен:

Абдыкадыров Акыл Тилебердиевич;
Джуманазаров Гапар Кутушбекович;
Рыскулов Рустам Акбарович;
Мурзалиев Жолдошбек Абдибахапович;
Исланова Адилета Маратбекович;
Маданбекова Лира Өрүмбековна.

Бишкек шаарынын мэриясынын кол сааттары төмөндөгүлөргө берилди:

Шаршеев Улан Оңолбекович;
Укуева Венера Борисовна;
Жаманкеев Абдрашид Абдыбекович.

Мамыров Алайбек Өмүрзакович Бишкек шаарынын мэриясынын алтын төш белгиси менен сыйланды.

Эске сала кетсек, 1924-жылдын 22-ноябрында РСФСРдин Кара-Кыргыз Автоном облусунун Революциялык комитетинин Президиумунун токтому менен областтын юстиция Элдик комиссариатынын системасында 15 адамдан турган биринчи кыргыз көзөмөл органы - элдик прокуратура түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий