• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Dior, Prada, Cartier, Rolex. "Манас" аэропортунда аткезчилик жүк аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.23./Кабар/. Бажычылар 6 млн сомдон ашуун баадагы белгилүү бренддердин товарларын жана зер буюмдарын аткезчилик жолу менен алып кирүүгө бөгөт койду.

Маалыматка ылайык, "Манас" аэропортунун аэробекет комплексинде жүргүнчүлөргө бажылык көзөмөлдөө жүргүзүүдө контрабандалык товарларды алып өтүү фактысы аныкталган.

Белгиленгендей, А.А.М. аттуу кыргыз жараны жалпы таза салмагы 51,70 грамм болгон сары жана ак түстөгү металлдан жасалган зер буюмдарын бажы көзөмөлүнөн жашырууга аракеттенген.

Ошондой эле аталган жарандын коштоочу жүгүндө 3 даана Rolex кол сааттары, 2 даана товардык маркасы жок кол сааттар, ошондой эле кийимдер, бут кийимдер, сумкалар аныкталган.

Жогорудагы товарлар Бишкек шаарындагы A.M. интернет-дүкөнүндө сатуу үчүн алып келинген. Кармалган товарлардын орточо базар баасы 6,1 млн сомду түздү.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий