• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Лейлекте адам өлтүрүүгө шектелип тажик жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Лейлекте адам өлтүрүүгө шектелип тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Исфана шаарынын 35 жаштагы тургуну Лейлек РИИБне 58 жаштагы Э.А. аттуу атасы чайхана иштетип жүргөн жеринен дайынсыз жоголуп кеткендигин билдирип кайрылган.

Лейлек РИИБнин ыкчам тергөө тобу чакырылган дарекке, тактап айтканда, дайынсыз жоголгон Э.А.нын иштетип жүргөн чайханасына келип, кароо жүргүзгөндө чайхананын көмүр сактоочу жайында таштандылардын арасында кийимдери чечилип, күч колдонуп өлтүрүлгөн Э.А.нын жансыз денесин табышкан.

Бул факты Лейлек РИИБнин КБРне КР Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Лейлек жана Баткен РИИБнин кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен районунун Самаркандек айылында качып жүргөн Тажикстандын 53 жаштагы Х.А.аттуу жараны аныкталып, кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары кармалган Х.А. мурда Өзбекстанда оор кылмыш жасап соттолгондугу жана Кыргызстанга мыйзамсыз чек араны бузуп киргендиги белгилүү болду.

Азыркы күндө кылмышка шектүү Х.А. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий