• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ошто баңгизаты менен бир жаран кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Ошто ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан ири өлчөмдөгү баңгизаты аныкталган.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 6-июлда болжол менен саат 23:40 чамасында ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө ИИМдин атайын кызматы Ош шаарындагы Салиев көчөсүндө 1991-жылкы Кара-Суу районунун жашоочусу У.З. аттуу жаранды кармаган.

Кармалган жаранды текшерүү маалында дээрлик 1000 грамм баңгизаты табылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайына киргизилди, териштирүү амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий