• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Тѳрѳбай Зулпукаров: Биздин жеңишибиз – бул бүткүл Кыргызстандын жеңиши!

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-сентябрда, парламентке аттанган саясийпартиялардын расмий үгүт ѳнѳктүгү башталды. Ал эми «Биримдик» партиясынын үгүт ѳнѳктүгүнүн ачылыш аземи салтанаттуутүрдө Жеңиш аянтынан старт алды. Иш-чарага партиянын лидерлери,тарапташтары жана партиянын жаштар канатынын ѳкүлдѳрү катышты.

«Биримдик”партиясынын лидери Марат Аманкуловдун орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Тѳрѳбай Зулпукаров өз сөзүндө партиянын негизделишине токтолуп, партия 2019-жылдын 10-сентябрында түптөлгөнүн, ошол учурдан тартып ѳз ишмердүүлүгүн баштаганын белгиледи.

«Мыйзамга ылайык, 2020-жылдын 4-октябрында парламенттин жетинчи чакырылышына шайланууга күчтүү команда менен расмий аттандык. Партиянын тизмесинде жаңы жүздөр, тажрыйбалуу саясатчылар бар. Биздин команда жалпы Кыргызстанды камтыган эң күчтүү команда десем жаңылышпайм» , - деди Зулпукаров.

«Команданын негизги идеясы - Евразиялык тандоо. Анткени, кыргыз элинин басып өткөн тарыхына көз чаптырсак Орхон Енисейден тартып, Венгрияга чейин учурунда империя болуп турган. Ошондой эле Алтай-Ала-Тоо цивилизациясы Евразия чөлкөмүндө жашап жаткан жалпы улуттар менен тарыхы, карым-катнаш тамыры, экономикалык, социалдык көйгөйлөрдү бирге чечип жүргөн тарыхы бир» , - деди ал.

«Биз алдыга койгон максатыбызда Евразия чөлкөмүндө жашаган кошуна мамлекеттер менен биргеликте келечекти түзө алабыз деген бир идеяны көздөдүк. Ошондуктан биздин катардагы уул-кыздарыбызды, жалпы кесипкөй инсандарыбызды жалпы кыргыз эли колдойт деген үмүтүбүз бар! Биздин бүгүнкү биринчи иш-чарабыз Жеңиш аянтынан башталып жатат, Кудай буйруса 4-октябрь күнү үгүт кампаниябыз дагы жеңиш менен жыйынтыкталат! «Биримдик» партиясы өлкөбүздүн экономикасын өргө сүрөйт деп ишенебиз. Келечектеги саясий-экономикалык туруктуулук – бул «Биримдик»!», - деп жыйынтыктады өз сөзүн Төрөбай Зулпукаров.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясийпартиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүКарагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Пикир

Оставить комментарий