• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Транспорт министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басарлары тааныштырылды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басарлары тааныштырылды. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, дайындоо боюнча буйруктарга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ошентип,транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп Акуналы Досалиев жана Медербек Курманбеков дайындалды.

Жаңы министрдин орун басарларын КР президентинин аппаратынын чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Бактылуу Момбеков жана транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев тааныштырышты.

Пикир

Оставить комментарий